2022-жылдын 1-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 15 пландуу текшерүү өткөрүлгөн:
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Республикалык патологоанатомиялык бюросу;
– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Республикалык клиникалык инфекционная ооруканасы;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменти;
– КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды дардоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору;
– “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси;
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы;
– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттиги;
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгы;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилигине караштуу “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштук бирикмеси;
– Кыргыз Республикасынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору”;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин интеллектуалдык маалымат борбору;
– Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти.
Отчеттук кварталда жана андан мурун өткөрүлгөн текшерүүлөр материалдарын карап чыгуунун жыйынтыгында Кызматтын коллегиясы монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 148 761,77 миң сом суммасына кирешени кайтарып алуу жана 9 710,12 миң сом суммасына керектөөчүлөр менен кайра эсептешүүнү өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.