Кыргыз Республикаснын Министрлер Кабинентинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы №594 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 2-ноябрындагы №48 буйругун аткаруу максатында Талас облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана ишкерлер менен биргеликте көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Калкты социалдык арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Н. Нарбековдун көзөмөлү менен бүгүнкү күндө Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунда импорттук “Каражыра” көмүрүнүн тоннасы 6500 сомдон, Бакай-Ата районунда 6800 сомдон, Талас шаары жана Талас районунда 7000 сомдун чегинде сатылууда. Аталган арзан көмүр жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн буйрутмаларынын негизинде жер-жерлерге дагы жеткизүүлөр уюштурулган. Акыркы 3 күндүн ичинде Талас облусуна 780 тонна көлөмдө импорттук көмүр алынып келинди. Дагы 850 тонна жакынкы күн аралыкта алынып келинмекчи. Кыш-күз мезгил аягына чейин Казахстан Республикасынан 6000 тонна чамасында көмүр ташып келүү пландалууда.
Айта кетсек, Талас облустук бөлүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте көмүрдүн баасын жөнгө салуу иш-аракеттеринин негизинде, бүгүнкү күнгө чейин Кара-Кече тилкесинен Талас облусуна тоннасы 5200 сомго чейин 8000 тонна социалдык арзан көмүр алынып келген.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү, жергиликтүү аткаруу органдары жана бийликтери менен биргеликте көмүрдүн баасын жөнгө салуу иштери мындан ары улантыла бермекчи.