Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 23-ноябрда «Скай Мобайл» ЖЧКсынын Мамлекеттик агенттик тарабынан кабыл алынган “Скай Мобайл” ЖЧКсына айып салуу жөнүндө 2020-жылдын 23-октябрындагы №14 токтомуна карата даттануусун карап чыгып, Мамлекеттик агенттиктин токтомун өзгөртүүсүз калтыргандыгын билдирет.
Буга чейин Мамлекеттик агенттик тарабынан “Скай Мобайл” ЖЧКсында буйрукту аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом чыгарылган, бул токтомдун мыйзамдуулугун компания сот органдарында талашып келген. Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2020-жылдын 13-октябрындагы токтому менен Мамлекеттик агенттиктин жазма эскертүүсү мыйзамдуу жана анык деп табылган.
Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо юридикалык жактар үчүн 2-категориядагы – 130 эсептик көрсөткүч же 13000 сом айып пул салынат.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Скай Мобайл” ЖЧКсына жаза чарасын колдонуу жөнүндө Мамлекеттик агенттиктин токтомун өзгөртүүсүз, ал эми “Скай Мобайл” ЖЧКсынын даттануусун канааттандыруусуз калтырды.