Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамагенттик) тарабынан КР «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын нормаларын бузуу тууралуу Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлүнүн орун басары А.Ш. Самановдун арызын карап чыкты.
Мамагенттик тарабынан арыздын негизинде териштирүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган.
МКТУ 03-классынын товарлары үчүн (парфюмердик-косметикалык товарлар) №335812, 335813 товардык белгилеринин күбөлүгүнө ылайык, (15.03.2007-жылындагы артыкчылык), «АОS» товардык белгисинин (тейлөө белгисинин) ээси болуп ИП Богуславксая К.И. болуп эсептелинет. Ал өз кезегинде «АОS» товардык белги менен пайдалануу укугун Лицензиондук келишим аркылуу «Нэфис Косметикс» Ачык коомуна берген.
“Нэфис Косметикс” АК өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ИП Богуславксаяга К.И. таандык «АОS» товардык белгисине окшогон «AQS» белгиси менен жуучу каражаттарын сатуу фактысы аныкталган. Бул фактылар КР «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесин одоно бузгандыгы болуп эсептелинет.
Продукциянын маркалоосуна ылайык «AQS» белгиси менен жуучу каражаттарын ЖИ А. Абдурахманов (Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы) тарабынан өндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин катына ылайык ЖИ А. Абдурахманов товардык белгинин укуктук коргоосуна ээ эмес.
Ошентип, Мамагенттиктин ишти кароонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгү шарртарды эске алуу менен жуучу каражаттар рыногунда ЖИ А. Абдурахманов ак ниет эмес атаандаштыкты жаратып жаткандыгын аныктады:
– “АОЅ” товардык белгисине аралашып кетүү даражасына чейин окшош болгон “AQS” белгисин мыйзамсыз пайдалануусу;
– башка чарба жүргүзүүчү субъекттин рынокто анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана аларга теңештирилген жарандык карым-катнашка катышуучуларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына укуктарын бузуу жолу менен аралашып кеткен даражасына чейин окшош продукцияны жасоо, сатуу жана башка жол берүү (укукка жат пайдалануу).
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мамагенттик иштин жыйынтыгы менен ЖИ А. Абдурахмановдун дарегине Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, Мыйзамынын ченемдерин токтотуу тууралуу эскертме берилди.