2023-жылдын 31-март күнү Талас облусунун аймактарынан сүт өндүрүүчү 150 киши сүттүн сатып алуу баасына нааразычылык билдирип элдик жыйынга чогулушту. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жетектеди. Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Канымет Осмонбеков, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, ветеринардык кызматынын Талас облусундагы башкармылыгынын жетекчиси Улан Итикеев ошондой эле сүттү […]