Урматтуу асылзат Апалар, эже-карындаштар!
Жаз көктөмүн утурлай, жадырап кирип келген 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Аялзаты дүйнөдө теңдешсиз аруу жан, кучагына ааламды батырган мээрими чексиз Эне. Аялзаты бар үчүн ар бир үйдө ыңаалаган наристе үнү жаңырып, коломтонун ысыгы өчпөй, түндүгүбүз бийикте көтөрүлүп турат. Аялзатынын кудурети, чыдамкайлыгы, чарчабаган мээнеткечтиги адам баласын алдыга умтултат.
Кыргыз элибизде, кыз кадырын бийикте кармап, кыздын кырк чачын сыйлап, өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келген. Кыргыз кыздарынын образын даңазалаган, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан датка энелерибиздин басып өткөн жолу буга далил. Мына ушундай уюткулуу элдин даңктуу жолун улаган аялзатын канча мактасак арзыйт.
Биз үчүн ыйык болгон апалар, Сиздердин алдыңыздарда башыбызды ийип таазим этебиз!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!