2023-жылдын 10-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Чүй областтык бөлүмүнүн кызматкерлери жана комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте Токмок шаарынын аймагында жарнак жөнүндөгү КР мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында тышкы жарнакка мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү “Жарнак жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык келбеген 12 учурларын аныктаган алардан:
2 учур Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктун бузгандыгы боюнча, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.
5 учур Мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктун бузгандыгы үчүн, ага ылайык, милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарларды жарнактоо “товар сертификатташтырылды” деген белги менен коштолууга тийиш.
5 учур Мыйзамдын 16-беренесинин 1-пунктун бузгандыгы, ага ылайык, эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында “иши лицензияланганын”,жарнамада лицензиянын номери, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек .
Жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар боюнча Бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эскертүүлөр берилди.