Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун социалдык мааниге ээ азык түлүк товарларына болгон бааны турукташтыруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ош шаарындагы азык-түлүк сакталган кампаларга мониторинг жүргүзүштү.
Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын адистери У.Шамшиева, А.Ажыбаев, Г.Рабшанбек кызы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Молдобаев, Ош шаардык салык кызматынын башчысынын орун басары М. Карыбеков, ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Мониторингдин жүрүшүндө социалдык мааниге ээ азык түлүк товарларынын запастары боюнча маалымат алынды жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.