15-март “Бүткүл дүйнөлүк керетөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү иштелип чыккан иш пландын негизинде 2023-жылдын 14-мартында бөлүмдүн адистери тарабынан Ош шаардык клиникалык ооруканасынынд арыгерлеринин, эсепкананын кызматкерлеринин катышуусунда “Бейтаптардын укуктары” темасында жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушунун жүрүшүндө адистер тарабынан оорукананын милдеттери, бейтаптардын укуктары жана акы алып кызмат көрсөтүүдө пос терминалдардын болуусу милдеттендирилди.
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнүн тарыхы, кызмат көрсөтүү тармагындадагы карым-катнаштар, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” Мыйзамда каралган монополияга каршы органдын укук ыйгарымдары жөнүндө кеңир маалыматтар берилди.
Ошондой эле дарыгерлер тарабынан берилген аркандай суроолорго адистер тарабынан жооп берилип, өз ара пикир алмашуулар болду.