Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылга карата бекитилген иш-планын аткаруу максатында, Чүй облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн “УНАА” Мамлекеттик мекемесинин Сокулук аймактык бөлүмүнө, Сокулук райондук калкты тейлөө борборуна жана Сокулук райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна керектөөчүлөрдүн укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жайгашкан “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кассаларында керектөөчүлөр үчүн төлөөнүн накталай эмес формасында акы төлөөнүн жүргүзүлбөгөндүгү же болбосо POS терминалдар жана башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулардын жоктугу аныкталды (программалык-техникалык түзүлүш).
Жыйынтыгында КРнын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы №680/66-6 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.