Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келээри белгилүү болду. Ош базарынын эт саткан жайларында дүң жана чекене баада сатылат.
Учурда эттин чекене баасы төмөндөгүдөй:
– уй эти 500с./кг – 580с./кг
– кой эти 480с./кг – 540с./кг
Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене баада соода кылган ишкерлер жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Эттин баасына мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмдүн иши мындан ары дагы улантылмакчы.