Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Интелмед” ЖЧКсына карата 05.02.2024-ж. №1 токтому мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында чыгарылган. Чечим Кызмат тарабынан акыркы 5 жылдагы лабораториялык изилдөөлөр рыногундагы атаандаштыктын абалын талдоонун негизинде чыгарылган. Анализ жүргүзүүдө 10го жакын лабораториянын иши изилденген. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомство алдындагы бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине […]
Монополияга каршы кызмат тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) 423 млн.сом өлчөмүндө республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык, “Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.
Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Орозо айт – кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун бекемдеген майрам. Орозо айтта тилеген аруу тилектер, ойлогон асыл ой-максаттар ишке ашсын.