18.03.2024

Жалал-Абад шаарында жалпы ишембилик башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш-планынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган ишембилике Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Ишембиликте шаардык мэрия тарабынан бөлүнгөн тилке тазалап, иретке келтирилди. Иш-пландын негизинде ишембиликтер мындан ары да уланмакчы.
15.03.2024

Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жалал-Абад филиалында 2024-жылдын 15-мартында мониторинг жүргүзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жалал-Абад филиалында 2024-жылдын 15-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад филиалында керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн баа (тариф) жөнүндө маалыматы көрүнүктүү жерге илинбегендиги үчүн кызматкерлер тарабынан акт жазылды жана жазма эскертүү берүү боюнча чечим кабыл алынды. Мындан […]
02.03.2024

Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токтогул шаарында  социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 1-март күнү Токтогул шаарында  соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды: Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Токтогул шаарынын соода түйүндөрүндө  эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөр үчүн товардын, азык-түлүктүн бааларын көрүнүктүү жерде […]
Skip to content