Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун социалдык мааниге ээ азык түлүк товарларына болгон бааны турукташтыруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ош шаарындагы азык-түлүк сакталган кампаларга мониторинг жүргүзүштү. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын адистери У.Шамшиева, А.Ажыбаев, Г.Рабшанбек кызы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Молдобаев, Ош шаардык салык кызматынын […]