2021-жылдын 11-июлунда, жалпыга маалымдоо каражаттарында 2021-жылдын 20-июлунан тартып, “Манас” аэропортунун бекетинде токтоочу жайда 15 мүнөт бекер тургандыгы жокко чыгарылат деген маалымат пайда болгон. Мамлекеттик агенттик бул маселени изилдөөнүн жүрүшүндө, «Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын пландаштырылган иш-аракетинде, рынокто үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Мамлекеттик агенттик “Компания Манас Менеджмент” ЖАКка […]