2022-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” 10-мааракелик эл аралык форуму өтөт. Форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган. Форумдун милдеттеринин арасында: ЕАЭБ мыйзамдарын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүү; ЕАЭБде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо механизмдерин, […]