Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) жаран С.Н.С. Нур Телекомдун (уюлдук оператор О) алдамчылыгы боюнча арыз менен кайрылды. Алардын жарнактарына ылайык, алар O! TV тиркемесинде Setanta Sports 1 каналында UFС275 беттешин көрсөтүүнү пландашкан, атап айтканда, кечинде Валентина Шевченко менен Тайла Сантостун башкы беттеши Premium топтому болгон шартта түз эфирде көрсөтүлмөк. […]