Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген бир айлыктын алкагында Нарын облустук бөлүмү тарабынан туризм тармагынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана май куюучу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун жүрүшүндө «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы, керектөөчү өз укуктарын кантип коргой алат жана керектөөчүлөрдүн укугун бузган учурда кайсы мамлекеттик […]