Жарнаманы контролдоо

21.02.2024

“Lets go менен миллионер бол” кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусуна айып пул салынды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Дейвен Компани” ЖЧКсына “Lets go менен миллионер бол” кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө анык эмес жарнаманы тараткандыгы үчүн 93 000 сом айып пул салды.Лотереяны уюштуруучу муздак суусундуктун этикеткасында лотереянын аяктоо күнүн 2022-жылдын 1 ноябры деп көрсөткөн. Бирок лотерея 2023-жылдын 1-ноябрына чейин өткөрүлгөн. Ушундан улам муздак суусундуктун жарнамасында товарды сатып алуу шарттары жөнүндө чындыкка туура келбеген маалымат болгон.
19.01.2024

Монополияга каршы жөңгө салуу кызматына маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн SMS TAXIге айып пул салынды.

Такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, Кызмат “Инноа” ЖЧКсынан (SMS TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. “Инноа” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес. Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Инноа” ЖЧКсына (SMS TAXI) 13 000 сом айып пул салынды.
11.01.2024

Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн NAVI TAXIге айып пул салынды.

Такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, Кызмат “Алабель АНБМ” ЖЧКсынан (NAVI TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. “Алабель АНБМ” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Алабель анбм” ЖЧКсына (NAVI TAXI) 13 000 сом айып пул салынды.
Skip to content