Кызматка “ТикТок” социалдык тармагында “Нурзаман” курулуш компаниясынын, кыз ала качуу жөнүндө этикага жат белгилери менен жарнамасы жарыяланганы жөнүндө арыз түшкөн. Жогорудагы жарнамада Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгүнүн жана 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн нормалары бузулган. Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, жарнама жарандарды зомбулукка, агрессияга түртүүгө жана алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч түзүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле тартипсиздикке жана […]