15.12.2022
Бишкек шаарында социалдык дүкөн ачылды.
2022-жылдын 13-декабрь күнү Бишкек шаарынын 7-кичи району 27/4 дареги боюнча “БАЙЭЛИМ МАРКЕТ” социалдык дүкөнүнүн ачылышы болду. Дүкөндүн ачылышына Бишкек шаарынын Вице-мэри В.А.Мозгачева, КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жонгө салуу кызматынын (мындан ары –Кызмат) төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов, Кызматтын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Мойдинов жана жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы С.К.Оморов катышышты. Социалдык дүкөндөрдү ачуу Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын […]
15.12.2022
5-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк атаандаштыктын күнү!
Жыл сайын 5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк атаандаштык күнү катары белгиленет. Эреже катары, бул күнү көптөгөн өлкөлөрдө коомчулукка атаандаштык жөнүндө маалымат берүүгө гана эмес, бүтүндөй экономиканын абалы, тажрыйба алмашууга, негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген, атаандаштыкты мындан ары өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. КРнын ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бардык өлкөлөрдүн монополияга каршы ведомстволорунун кызматкерлерин […]
11.04.2022
Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы дарыканалардада
Ушул жылдын 6-11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмдүн кызматкерлери Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы дарыканаларда дары-дармектердин баасына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө белгиленген чектүү баадан ашыкча сатуу фактылары аныкталган. Тиешелүү маалымат мыйзамдуу чара көрүү үчүн Дары-дармек жана медициналык техника департаментине жөнөтүлөт.
11.04.2022
2022-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин Ош шаарында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери дары-дармектердин баасына мониторинг жүргүзүштү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 5789 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуунун Убактылуу эрежелеринин” 32-пунктуна ылайык, дары-дармек каражаттарына баанын жогорулашынын байкалганына байланыштуу , Ош шаарында 2022-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү Саламаттыкты сактоо министрлигинин ДДМК Түштүк филиалынын кызматкерлери менен […]