21.02.2024
“Lets go менен миллионер бол” кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусуна айып пул салынды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Дейвен Компани” ЖЧКсына “Lets go менен миллионер бол” кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө анык эмес жарнаманы тараткандыгы үчүн 93 000 сом айып пул салды.Лотереяны уюштуруучу муздак суусундуктун этикеткасында лотереянын аяктоо күнүн 2022-жылдын 1 ноябры деп көрсөткөн. Бирок лотерея 2023-жылдын 1-ноябрына чейин өткөрүлгөн. Ушундан улам муздак суусундуктун жарнамасында товарды сатып алуу шарттары жөнүндө чындыкка туура келбеген маалымат болгон.
19.01.2024
Монополияга каршы жөңгө салуу кызматына маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн SMS TAXIге айып пул салынды.
Такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, Кызмат “Инноа” ЖЧКсынан (SMS TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. “Инноа” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес. Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Инноа” ЖЧКсына (SMS TAXI) 13 000 сом айып пул салынды.
11.01.2024
Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн NAVI TAXIге айып пул салынды.
Такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, Кызмат “Алабель АНБМ” ЖЧКсынан (NAVI TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. “Алабель АНБМ” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Алабель анбм” ЖЧКсына (NAVI TAXI) 13 000 сом айып пул салынды.
29.12.2023
Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо башкармалыгы 2024-жылдын 1-кварталындагы аткаруу бийлик органдарын жана алардын ведомстволук мекемелерин текшерүүлөрдүн планы
2024-жылдын 1-кварталындагы аткаруу бийлик органдарын жана алардын ведомстволук мекемелерин текшерүүлөр Планы: 1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигине караштуу эне жана баланы коргоо Улуттук борбору; 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги; 3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигине караштуу Темир жол оруканасы; 4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы; 5. Кыргыз […]
29.12.2023
2023-жылдын 4-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 13 пландуу текшерүү өткөрүлгөн: Отчеттук кварталда жана андан мурун өткөрүлгөн текшерүүлөр материалдарын карап чыгуунун жыйынтыгында Кызматтын коллегиясы монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 58 825 804 сом суммасына кирешени кайтарып алуу жана 2 342 762 сом суммасына керектөөчүлөр менен кайра эсептешүүнү өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.