Метрология тууралуу

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш;

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдүн негизги максаты өлчөөлөрдүн объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн анык эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.

Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү төмөнкүдөй учурларда аткарыла турган өлчөөлөргө жайылтылат:

1) саламаттык сактоо, ветеринария жаатында ишти жүзөгө ашырууда;

2) айлана чөйрөнү коргоо, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ишти жүзөгө ашырууда;

3) эмгектин коопсуз шарттарын жана коргоону камсыз кылуу боюнча иштерди аткарууда;

4) өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда;

5) почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүндө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн эсепке алууда (туташтыруунун узактыгын жана трафиктин көлөмүн);

6) техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууда.

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутумунун катышуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган;

2) метрология боюнча улуттук opган жана анын аймактык бөлүмдөрү;

3) метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик орган;

4) юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары;

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОРУ

официальный флаг Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17 -июлдагы №91 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017 -жылдын 11 -апрелиндеги №205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык сүрөттөмөлүшү боюнча талаптары көрсөтүлгөндүгүн маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-мартындагы №787-XII токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру  тегиз чачыраган  алтын түстөгү күн алкагынын,  күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү  түшүрүлгөн  тик  бурчтуу  кызыл кездемеден  жасалган.  Туунун  эни  анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт.  Күндүн  жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык  өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Официальный герб Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы № 1429-XII токтому менен бекитилген.

 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын  сүрөтүнөн,   көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо  кыркаларынан   жана   алтын   нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин  эки   капталынан   орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн,   тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү.

Мамлекеттик символ боючна презентация

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү.

ТЕКШЕРҮҮ БАРАКЧАСЫ

    1. Метрологиялык кызматтын же колдонулуучу өлчөө ка-ражаттарынын (мындан ары – өлчөө каражаттары) абалы үчүн жооптуу адамдын болушу.

    Бул юридикалык жактын күчү менен ченөө бирдигине текшерүү жүргүзүү укугу.

    Текшерүүчү катары текшерүүнү жүзөгө ашыруучу жактардын аттестациясын ырастоочу документтердин болушу

    1. ӨК текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана алардын аткарылышын контролдоону көрсөтүү менен бекитилген графиктин болушу.
    2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө (мындан ары - ММК) кирген ӨК тизмегинин болушу жана толуктугу, эталондордун жана ӨК көзөмөлдөнүшү, эталондордун идентификациясы жана алардын метрологиялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүнүн документ түрүндө таризделиши, эталонду калибрлөөнүн (текшерүүнүн) натыйжасында алынган өлчөөлөрдүн аныкталбагандыгы-нын ушул эталондун арналышын аныктоо менен талаптарга ылайык келүүсү.
    3. Колдонууга жол берилген чоңдуктардын бирдиктеринин шайкештиги (ылайык келүүсү).
    4. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө сертификаттын болушу жана анын бекитилген типке шайкештиги (ылайык келүүсү).
    5. Ченөө каражаттарынын абалынын жана аларды пайдалануунун шарттарынын техникалык талаптарга шайкеш келүүсү.
    6. Текшерүү эн тамгасынын жана ченөө каражаттарын текшерүү жөнүндө күбөлүктүн болушу.

    Соода операцияларын, таңгакталган продукцияны көзөмөлдөө

    1. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү, текшерүү жөнүндө сертификаттын болушу
    2. Шайкештик:

    - ажыратылуучу товардын көлөмүнүн массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын анык маанисине;

    - даяр продукциянын ассортименттик тизмеге ылайык билдирилген санга чыгышы.

    1. Таңгакталган продукциянын анык салмагына таза салмактын дал келиши:

    - соода түйүндөрүндө таңгакталган;

    - өндүрүүчү тарабынан таңгакталган;

    1. Май куючу колонкалардын саны (МКК) түтүктөрдүн саны

    - анын ичинде ишенимдүү адамдар

    МКСдагы ӨКнын комплекттүүлүгүнүн ишенимдүү адамдар тарабынан толукталышы:

    - өлчөгүч

    - метртшок

    - гигрометр

    - термометр

    Резервуарлардын/көлөмдөрдүн саны

    Идиште градуирленген таблицалардын болушу

    1. Контролдук сатып алуунун натыйжалары, контролдук сатып алуунун натыйжаларынын берилген санына ылайык келиши

    Мамлекеттик символдорду даярдоонун эрежелеринин сакталышын контролдоо

    1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин жана гербинин Мамлекеттик символдордун техникалык спецификациясынын талаптарына шайкештиги.

    Продукцияны сертификациялоо органдарына көзөмөл

    1. Сертификаттоо боюнча органдын аккредитациясынын болушу;

    Продукцияны тастыктоо боюнча органды формаларды: шайкештикти милдеттүү түрдө сериялаштыруу жана декларациялоо боюнча аккредитациялоо тармагы. Аккредитациялоонун тиешелүү тармагы боюнча сыноо лабораториялары (борбор) менен келишимдердин болушу.

    1. Аккредитациялоо же шайкештикти декларациялоо чөйрөсүнө ылайык милдеттүү сертификациялоону жүргүзүүгө өтүнмөлөрдү талдоо (аккредитация тармагынын алкагында). Продукциянын ТНВЭД коддорунун шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш.
    2. Сертификациялоо схемаларына ылайык берилген документтердин болушу жана толуктугу (техникалык даярдоочунун документтери, сапат системасына документтер, продукцияны берүүгө контракт, ташылып келүүчү продукция үчүн товарды коштоочу документтер, продукциянын шайкештигин тастыктаган документтер).

    СС берүүдө стандарттарга ылайык милдеттүү реквизиттерди көрсөтүү менен продукцияда керектөөчү үчүн маалыматтын болушу.

    1. Сертификаттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин милдеттүү сертификаттоо схемаларына ылайык келиши № 1таб., 1-тиркеме.
    2. Шайкештик сертификатынын техникалык регламент-терге жана милдеттүү сертификациялоонун жана шай-кештикти декларациялоонун жол-жоболук схемаларына ылайык таризделишинин тууралыгы.

ИШ-ЧАРАЛАР

13.12.2023
Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын                                   4-кварталындагы текшерүү планына ылайык, “Дан” Мамлекеттик ишканасын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын  талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча  жалпысынан 159 ченөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 2 ченөө каражаттары  иштөөгө жараксыз, 1 ченөө каражаты  ( Белизномер СКИБ-М) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, […]
05.12.2023
Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын                                   3-кварталындагы текшерүү планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын  ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун, ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын  талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча  жалпысынан 219 өлчөө каражаттары текшерилип, анын ичинен 2 өлчөө каражаттары    ( Дозиметр GEODEVICE CPП-20, […]
01.12.2023
Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын IV-кварталындагы текшерүү планына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Борбордук Лаборатория” Мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук  актылардын  талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча  жалпысынан 143  өлчөө каражаттары  текшерилди, анын ичинен 15 өлчөө каражаттары (3 өлчөө каражаттары, […]
29.11.2023
Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын                                   4-кварталындагы текшерүү планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик резервдер фондунун лабораториясынын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын  талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында боюнча  жалпысынан 22 ченөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 2 ченөө каржаттары ( Белизномер СКИБ-М) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп […]
27.11.2023
Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы 2023-жылдын 4-кварталына карата текшерүүлөрдүн планына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары лаборатория) сыноо лабораториясында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана аны колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүздү.          Лаборатория жол-курулуш материалдарынын физикалык/механикалык жана бекемдик мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча кыртышты сыноолорду […]