15.12.2022
Мамагенттик ” Компания Манас Менеджмент” ЖАКка монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берди
2021-жылдын 11-июлунда, жалпыга маалымдоо каражаттарында 2021-жылдын 20-июлунан тартып, “Манас” аэропортунун бекетинде токтоочу жайда 15 мүнөт бекер тургандыгы жокко чыгарылат деген маалымат пайда болгон. Мамлекеттик агенттик бул маселени изилдөөнүн жүрүшүндө, «Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын пландаштырылган иш-аракетинде, рынокто үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Мамлекеттик агенттик “Компания Манас Менеджмент” ЖАКка […]
15.12.2022
Конкурс өткөрүүдө монополияга каршы мыйзамды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди кылууга болбой тургандыгы тууралуу эскертме берилген.
Мамагенттик тарабынан №11 Муниципалдык аймактык башкармалыгына мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган лот номери 191122202119834 конкурсту өткөрүүдө монополияга каршы мыйзамды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди кылууга болбой тургандыгы тууралуу эскертме берилген. Себеби, аталган конкурстун техникалык талаптары атаандаштыкты чектөөчү шарттарды камтыгандыктан, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарына каршы келет.
15.12.2022
“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо предметине мамлекеттик сатып алууларга мониторингди жүзөгө ашырууда «Кыргыз-Почтасы»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамлекеттик агенттик) “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо предметине мамлекеттик сатып алууларга мониторингди жүзөгө ашырууда «Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик сатып алуулар порталында компьютердик жана адистештирилген жабдууларды алуу боюнча конкурс тууралуу жарыяны жайгаштырганы белгиленген (лоттун номери 181115132956916).             Порталга жайгаштырылган жеткирүүчулөргө квалификациялык талаптарды талдоо “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын […]