Автоунаа ээлери үчүн арзан бензин. Аны ким төлөп берүүдө?
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногунда АИ-92 бензининин, дизель отунунун жана автогаздын жеткиликтүү бааларын кармап турууга мүмкүндүк берген механизм иштеп жатат. Түзүлгөн Макулдашуулардын алкагында мунай трейдерлери күйүүчү майды белгиленген баалар боюнча сатышат, ал эми анын иш жүзүндөгү наркы менен керектөөчү үчүн баанын ортосундагы айырманы мамлекет компенсациялайт.
Бул чаранын максаты – күйүүчү майдын наркынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калкты, өлкөнүн экономикасын тышкы баалардын өсүшүнөн коргоо. Бирок бир нерсени түшүнүү маанилүү: эгерде керектөөчү күйүүчү майдын чыныгы наркынан аз төлөсө, айырмасын мамлекеттик бюджет төлөйт.
Бир литр чындыгында канча турат?
Иш жүзүндөгү нарк менен белгиленген баанын ортосундагы айырма төмөнкүдөй:
Күйүүчү майдын түрү | Иш жүзүндөгү баасы, сом/л | Айдоочу АЗСтан сатып алган баа, сом/л | Мамлекет төлөгөн бөлүгү, сом/л |
АИ-92 | 111–118 | 87,9 | 23,1–30,1 |
Дизель отуну | 125–137 | 99,9 | 25,1–37,1 |
Автогаз | 51–54 | 48,8 | 2,2–5,2 |
Ошентип, АИ-92 бензинин болжол менен 88 сомдон сатып алып жатып, керектөөчү иш жүзүндө ар бир литрден 23,1ден 30,1 сомго чейинки бөлүгүн төлөбөйт – бул бөлүктү мамлекет компенсациялайт. Бүгүнкү күнгө карата мунай трейдерлерине болжол менен 1 миллиард сом субсидия төлөнүп берилди. Ал эми жөнөкөй айдоочу канча алат?
Жөнөкөй мисал алалы.
Эгерде автоунаа күнүнө 10 литр бензин сарптаса, ал эми мамлекеттик компенсация орто эсеп менен литрине болжол менен 26,6 сомду түзсө ((23,1+30,1)/2), анда 10 × 26,6 = 266 сом. Демек, мамлекет мындай автоунаа ээсине күн сайын болжол менен 266 сом, же айына болжол менен 7 980 сом компенсациялайт. Бул болгону бир эле автоунаа!
Ал эми бизге ушунчалык көп жүрүү керекпи? Мамлекет күйүүчү майдын наркынын бир бөлүгүн компенсациялап жаткандыктан, аны зарылчылыксыз коротпоого өзүбүз да аракет кылганыбыз маанилүү. Ошол эле учурда биз автоунааны ансыз деле жүрсө болчу жерлерде да колдоно беребиз. Студенттер университетке машине менен барышат. Жакын жердеги дүкөнгө да машине менен барабыз. Жөө эле басып өтсө болчу кыска аралыктарды автоунаа менен өтөбүз.
Балким, мындай учурларда коомдук транспортту, велосипедди, самокатты тандап же жөн гана жөө басып өткөн туурадыр? Бул автоунаадан баш тартууга чакырык эмес. Бул күйүүчү майды акыл-эстүүлүк менен пайдаланууга чакырык.
Өзбекстанда жана Тажикстанда бүгүнкү күндө күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркы менен белгиленген чекене баанын ортосундагы айырманы мунай трейдерлерине компенсациялоонун Кыргызстанда иштеп жаткандай механизми жок.
Кыргызстан керектөөчүгө олуттуу колдоо көрсөтүп, КММдин баасын кыйла жеткиликтүү деңгээлде сактоого мүмкүндүк берүүдө. Бирок мындай колдоонун мамлекет үчүн реалдуу баасы бар – азыртадан эле болжол менен 1 миллиард сом.
Ошондуктан бүгүн бензин эмне үчүн ушунча турат деп суроо менен гана чектелбөө маанилүү. Дагы бир нерсени түшүнүү керек: эгерде мамлекет бизге ар бир литрден үнөмдөөгө жардам берип жатса, келгиле, өзүбүз да ар бир литрди үнөмдөйлү.
Зарыл эмес сапарлар азыраак, коомдук транспорт, велосипед, самокат жана жөө маршруттар көбүрөөк болсо – бул үй-бүлө үчүн гана эмес, өлкө үчүн да үнөмдөө.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги жана КМШнын айрым өлкөлөрүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдардын 2026-жылдын 17-августуна карата орточо чекене баалары (сом/л), ачык маалыматтарга ылайык
Аталышы | Кыргызстан (Бишкек) | Казакстан | Россия | Беларусь | Армения | Тажикстан | Өзбекстан |
АИ-92 | 87,9 | 47,4 | 72,1 | 76,4 | 129,6 | 127,5 | 99,9 |
АИ-95 | 109,9 | 61,4 | 78,8 | 79,3 | 136,8 | 141,6 | 125,8 |
Дизель отуну | 99,9 | 65,6 | 86,5 | 79,3 | 148,8 | 165,2 | 107,3 |
СУГ (суюлтулган газ) | 48,8 | 21,3 | 40,6 | 40,2 | 60,0 | 56,6 | 42,9 |
Дүйнөнүн айрым мамлекеттериндеги күйүүчү-майлоочу материалдардын 2026-жылдын 19-августуна карата орточо чекене бааларынын салыштырмалуу деңгээли (сом/л)
КММ аталышы | Кыргызстан (Бишкек) | Кытай | Пакистан | Индия | Түркия | Монголия | Азербайжан | Афганистан |
АИ-92 бензини | 87,9 | ≈103,0 | ≈105,0 | ≈99,3 | ≈124,0 | ≈146,1 | ≈59,1 | ≈106,9 |
Дизель отуну | 99,9 | ≈91,2 | ≈119,8 | ≈89,6 | ≈142,8 | ≈146,4 | ≈56,6 | ≈100,2 |
СУГ | 48,8 | - | - | ≈60,3 | ≈60,3 | ≈64,8 | 36,0 | ≈89,5 |