Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде экономикалык концентрацияга мамлекеттик контрол жүргүзүү маселелери боюнча лекция өткөрүлдү
2026-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын атаандаштыкты, жарнаманы өнүктүрүү жана эл аралык ишмердүүлүк башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан экономикалык концентрацияга мамлекеттик контроль жүргүзүү темасында лекция өткөрүлдү.
Иш-чара министрликтин демилгеси менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн уюштурулуп, кызматкерлердин монополияга каршы мыйзамдарды колдонуу чөйрөсүндөгү билим деңгээлин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.
Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесинде каралган бүтүмдөрдү түзүүдө жана аракеттерди жасоодо Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүүнүн тартиби жана өзгөчөлүктөрү каралды.
Атап айтканда, катышуучуларга эки же андан ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин биригүүсүндө же кошуп алууда, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эки же андан ашык уюм тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектти түзүүдө, үлүштөрдү (акцияларды, пайларды) сатып алууда, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттерди кайра түзүүдө контроль жүргүзүү жол-жоболору түшүндүрүлдү.
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 742 токтому менен бекитилген экономикалык концентрацияга мамлекеттик контроль жүргүзүү тартибинин күчүнө киришине байланыштуу мыйзамдардын актуалдуу талаптарына өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында экономикалык концентрацияны макулдашуу боюнча мыйзамда каралган жол-жоболорду сактоонун маанилүүлүгү да белгиленди, анткени Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылган бүтүмдөр жана аракеттер юридикалык жактан жараксыз болуп саналат.