Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
12.06.2026 Үстөмдүк кылуучу субъекттер

Мамлекеттик реестрге киргизүү жөнүндө

Цемент рыногундагы атаандаштыктын абалына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 10-июнундагы №47 буйругу менен Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине (мындан ары – Мамлекеттик реестр) төмөнкүлөр киргизилди:

  • «Кант цемент заводу» ААКсы;

  • «Южно-Кыргызский цемент» ЖАКы;

  • «Терек-Таш» ЖЧКсы;

  • «Түштүк курулуш материалдары комбинаты» ЖЧКсы.

Мамлекеттик реестрге киргизилген субъекттер атаандаштык жөнүндө мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө максатында туруктуу экономикалык-статистикалык байкоого алынат.