Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
27.02.2026 Маалымат борбору

Ноокат шаарындагы борбордук базарда эттин чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү адистери менен биргеликте, 2026-жылдын 26- февралында Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) белгиленген чекене бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө, Ноокат шаарынын борбордук базарындагы эт сатуучуларга, эттин белгиленген баасынан жогорулатпоо жана сатылып жаткан эттин баасы керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерге илинип туруусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында, Ноокат шаарынын борбордук базарында уй этинин чекене баасы 650 сом, кой этинин чекене баасы 680 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.