Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
04.03.2026 Маалымат борбору

Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы кырдаал жөнүндө

Калк үчүн мунай продуктыларын сатуу рыногунда кызматташтык жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында, 2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары - Кызмат) «Кыргызстан нефтетрейдейлери ассоциациясы» ЮЖБ, «Ишкерлер Альянсы» ЮЖБ, ошондой эле «ШНОС» ЖЧК, «Альфа Ойл» ЖЧК, «Мунай Пром» ЖЧК, «Партнер нефть» ЖЧК жана «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАК өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын мунай трейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө ички рынокко мунай продуктуларын туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу, запастарды түзүү жана баа жагдайына байланышкан маселелер талкууланды.

Сакталып жаткан геосаясий чыңалуу шартында да күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал Кызматтын көзөмөлүндө бойдон калууда жана кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ички рыногуна терс таасирин тийгизбейт.

Мунай продуктуларын Кыргыз Республикасына бажы алымдарсыз жеткирүү Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын энергетика министрликтеринин ортосундагы колдонуудагы Өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында, бекитилген индикативдик баланс негизинде жүзөгө ашырылат. Бул механизм жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн туруктуулугун камсыздап, ички рынокту тышкы тобокелдиктерден кошумча коргоого өбөлгө түзөт.

Кызмат тарабынан КММ рыногундагы баа жагдайына туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.

Мунай трейдерлеринин маалыматына ылайык, азыркы учурда КММ рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон калууда. Мунай продуктуларын жеткирүү бекитилген планга ылайык, үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мунай продуктуларынын запастары 2 айга жетет.

Ошондой эле, 2026-жылдын январь айында Кыргыз Республикасында бензин жана дизелдик отундун 1 литринин баасы 3 сомго чейин төмөндөгөнү белгиленди.

Мунай трейдерлеринин маалыматы боюнча, баалардын учурдагы өзгөртүүсү убактылуу. Рынокко күйүүчү майдын жаңы партиялары түшкөн сайын чекене баалар өзгөрүүшү мүмкүн. Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын мындан аркы динамикасы Россия Федерациясынын мунайды кайра иштетүүчү заводдору тарабынан калыптандырылган дүң баалардын деңгээлине жараша болот.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кызматтын ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын мунай трейдерлерине учурдагы бааларды сактоого  жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) бааларынын кескин жогорулашына жол бербөө;

- ички рынокту толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгына жол бербөө үчүн КММнын зарыл болгон запасы менен камсыз кылуу.

Өз кезегинде мунай трейдерлер 2026-жылдын аягына чейин мунай продуктыларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга жана түзүлгөн макулдашуунун алкагындагы милдеттенмелерди аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.