05.03.2026
Маалымат борбору
Ош шаарында «АГРО-2026» аттуу ири жарманке өттү: шаар тургундарына эт жана социалдык товарлар жеткиликтүү баада сунушталды.
Ош шаарында 2026-жылдын 5-мартында,борбордук аянта жергиликтүү администрация жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте АГРО-2026 аталышындагы ири жарманке өткөрүлдү.
Жарманкеде Элге арзан эт жана социалдык мааниге ээ товарлар сунушталды Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн ири агро-жарманкеде техникалардан сырткары, калктын социалдык абалын колдоо максатында күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн чоң сатыгы уюштурулду. Жарманкенин эң көп эл топтолгон бөлүгү — эт азыктары сатылган катарлар болду. Жергиликтүү бийлик жана ишкерлердин макулдашуусу менен эттин баасы базар баасынан кыйла арзан сатылды.