Керектөөчү өз укугун билиши керек
15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 2026-жылдын 12-март күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жусуп Баласагын атындагы III-даражадагы “Манас” ордендүү Кыргыз улуттук университетинин Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде мугалимдерге жана студентерге “Керектөөчүлөрдүн укутарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын алкагында “Керектөөчү жана ишкер –өнүгүү үчүн ишеним” жана “Керектөөчү өз укугуңду бил” деген темада лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын функциялары, милдеттери жана товарларды сатып алууда керектөөчүлөр менен сатуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча тааныштыруу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, студенттерди кызыктырган суроолорго тиешелүү жооптор берилди.