Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
25.03.2026 Маалымат борбору

Баткен шаарында эттин баасын турукташтыруу боюнча рейд жүргүзүлдү

2026-жылдын 24-мартында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен шаарынын мэри С.Д. Кулубаев, милиция, ветеринар, салык жана санитардык көзөмөөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон чекене бааларына Баткен шаарында эт сатылуучу жайлардагы эт сатуучу жеке ишкерлерге, бааларды турукташтыруу максатында, рейд иштери жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар, касапчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы