Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
03.04.2026 Маалымат борбору

Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногун талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү

Калк үчүн мунай продуктыларын сатуу рыногунда кызматташтык жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында, 2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында (мындан ары - Кызмат) «Кыргызстан нефтетрейдейлери ассоциациясы» ЮЖБ, «Ишкерлер Альянсы» ЮЖБ, ошондой эле «ШНОС» ЖЧК, «Альфа Ойл» ЖЧК, «Мунай Пром» ЖЧК, «Партнер нефть» ЖЧК жана «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАК өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Жакынкы Чыгыштагы геосаясий абалга байланыштуу учурдагы кырдаал каралып, анын Кыргызстандагы бааларга тийгизген таасири талкууланды. КММ бааларын турукташтыруу боюнча сунуштар каралды.

Мындан тышкары, нефтетрейдерлерге Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды:

Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлерине:

- күйүүчү-майлоочу материалдарга жана суюлтулган көмүрсуутек газына баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө;

- Кызматтын суроо-талаптарына дароо жооп берүү;

- ички рынокту толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгына жол бербөө үчүн КММнын зарыл болгон запасы менен камсыз кылуу.

Сүрөт галереясы