Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
06.04.2026 Маалымат борбору

Кыргыз Республикасындагы социалдык жактан маанилүү товарлар рыногундагы баа абалы тууралуу

Кыргыз Республикасынын социалдык жактан маанилуу товарлар рыногундагы баа абалы тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык жактан маанилуу товарлардын чекене рыноктук бааларына туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүп келет.

Социалдык жактан маанилуу товарлардын бааларын өткөн жума менен салыштыргандагы мониторингдин жыйынтыгы төмөнкүчө:

2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилдин жыйынтыгы боюнча республика боюнча негизги социалдык жактан маанилуу товарларга баалар жалпысынан туруктуу сакталууда.

- кумшекерге (0,5%га), сабизге (1,4%га) баалардын өсүшү байкалууда – сезондук фактор; 

- жумурткага (3,3%га), пиязга (2,3%га), күрүчкө (0,4%га) баалар төмөндөгөн; 

- калган товарлар боюнча баалар өзгөрүүсүз калды же анча чоң эмес өзгөрүүлөр катталды. 

 

Бир жумада социалдык маанилүү товарлардын орточо рыноктук чекене баалардын өзгөрүшү

Республика боюнча орточо баасы (сом менен)

 №

Товарлардын аталышы

Ченем бирдиги

КР боюнча рыноктук орточо чекене баалардын деңгээли

 

2026-ж. 1-апрель 25-март салышт.

(% менен)

2026-ж.          25-март

2026-ж.          1-апрель

  1.  

1-сорт. таразага тартылган буудай уну (жергиликтүү)

кг

34,9

34,9

100,0

  1.  

1-сорт. таразага тартылган буудай уну (импорттолгон)

кг

44,1

44,1

100,0

  1.  

1-сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө нан

кг

66,6

66,6

100,0

  1.  

Нан азыктары (тандыр нан)

кг

97,8

97,8

100,0

  1.  

Пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт

л

81,4

81,4

100,1

  1.  

Тазаланган күн карама майы

л

159,7

159,8

100,1

  1.  

Каймак май (туздалбаган, 72%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз)

кг

688,5

689,1

100,1

  1.  

Уй эти (сулп этинен башкасы)

кг

707,5

706,3

99,8

  1.  

Кой эти (сулп этинен башкасы)

кг

708,1

711,3

100,4

  1.  

Кумшекер

кг

76,6

77,0

100,5

  1.  

Күрүч (таразага тартылган, тазаланган ак)

кг

141,4

140,8

99,6

  1.  

Таразага тартылган макарон азыктары (вермишель)

кг

79,9

79,9

100,0

  1.  

Таңгакталган макарон азыктары (спагетти)

400гр

79,8

80,1

100,4

  1.  

Таразага тартылган макарон азыктары (рожки)

кг

78,4

78,4

100,0

  1.  

Тоок жумурткасы

10 даана

134,1

129,7

96,7

  1.  

Картошка

кг

46,4

46,4

100,0

  1.  

Сабиз

кг

41,5

42,1

101,4

  1.  

Пияз

кг

27,4

26,8

97,7

  1.  

Көмүр (жергиликтүү)

тн

6825,0

6825,0

100,0

  1.  

Көмүр (импорттолгон)

тн

8250,0

8250,0

100,0

  1.  

Бензин А-92

л

74,7

75,3

100,9

  1.  

Дизель майы (кышкы отундан тышкары)

л

79,74

80,18

100,5

 

Кызмат тарабынан ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана коңшу мамлекеттерде — Тажикстан Республикасында жана Өзбекстан Республикасында социалдык жактан маанилуу товарлар боюнча орточо чекене базар бааларына мониторинг жүргүзүлдү.

Жыйынтыктар көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында жалпы алганда баа абалы туруктуу сакталууда жана көптөгөн социалдык жактан маанилуу товарлар боюнча баалар аталган өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн.

Тактап айтканда, Кыргызстанда кумшекердин орточо баасы килограммына 77 сомду түзөт. Эң жогорку баа Тажикстанда катталган — килограммына 128 сом, ал эми эң төмөн баа Беларусь Республикасында — 70,3 сом. Мындай айырмачылык кумшекер өндүрүшү өнүккөн өлкөлөрдө баалар төмөн калыптанышына, ал эми импортко көз каранды өлкөлөрдө баа жогору болушуна байланыштуу.

Күн карама майынын орточо баасы Кыргызстанда литрине 159,7 сомду түзөт. Эң жогорку баа Казакстанда — 245,5 сом, ал эми эң төмөн баа Россияда — 152,2 сом. Бул Россияда май өсүмдүктөрүн өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмү жогору экендиги менен түшүндүрүлөт.

Буудай уну (1-сорт) Кыргызстанда орточо 34,9 сом/кг түзөт. Эң жогорку баа Арменияда — 85,1 сом, эң төмөн баа Казакстанда — 31,2 сом. Казакстан жана Россияда баалардын төмөн болушу алардын ири дан өндүрүүчү жана экспорттоочу өлкөлөр экендиги менен шартталган.

Эт продукциясынын рыногунда Кыргызстанда баалар эң төмөн деңгээлдердин бири болуп сакталууда. Мисалы, уй эти орточо 706,3 сом/кг сатылууда, ал эми эң жогорку баа Тажикстанда — 1121,4 сом/кг.

Ушундай эле жагдай кой этине да тиешелүү: Кыргызстанда орточо баа 711,3 сом/кг болсо, Арменияда ал 1392,6 сомго жетип, каралып жаткан өлкөлөрдүн ичинде эң жогорку бойдон калууда.

Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 2-майына чейин уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) баалырдын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуусу киргизилген.

АИ-92 маркасындагы бензиндин орточо баасы 75,4 сом/литрди, дизелдик күйүүчү май — 80,2 сом/литрди түзөт. Импортко көз карандылыкка карабастан, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы Армения жана Тажикстанга салыштырмалуу төмөн бойдон калууда. Эң төмөн баалар Россия жана Казакстанда байкалат, бул алардын өз мунай өндүрүшү жана кайра иштетүүсү бар экендиги менен байланыштуу.

Массалык маалымат каражаттарында акыркы учурда Европа өлкөлөрү, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттер менен бааларды салыштыруу көп айтылууда. Чынында баалар айырмаланат, бирок мындай салыштыруулар дайыма эле туура боло бербейт, анткени көп учурда видеолордо социалдык жактан маанилуу товарлардын тизмесине кирбеген товарлар көрсөтүлөт. Көпчүлүк керектөөчүлөр товарды салыштырууда анын баасына гана көңүл буруп, сапаттык өзгөчөлүктөрүн, өлчөө бирдигин, таңгак көлөмүн жана башка параметрлерин эске алышпайт. Мисалы, унду салыштырганда керектөөчүлөр көбүнчө жогорку сорттогу унду алышат, ал эми социалдык жактан маанилуу товарларга 1-сорттогу ун кирет. Кумшекерди салыштырганда анын салмагына көңүл бурулбайт, көп учурда таңгак 900 грамм болот. Өсүмдүк майы да көлөмү боюнча олуттуу айырмаланат.

Айрым өлкөлөрдө баалардын төмөн болушу алардын өзүнүн чийки зат базасынын жана өнүккөн өндүрүшүнүн болушу менен шартталса, жогору баалар импортко көз карандылык жана логистикалык чыгымдар менен түшүндүрүлөт.

 

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана коңшу мамлекеттерде 2026-жылдын 3-апрелине карата орточо чекене базар баалары (МКЖСК тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, сом менен, КР Улуттук банкынын курсу боюнча)

Наименование товара

Ченем бирдиги

Кыргызстан 

Армения

Таджикистан

Өзбекистан

Беларусь

Россия 

Казахстан 

1

Кумшекер

кг

77,0

100,6

128,0

108,9

70,3

74,9

102,7

2

Тазаланган күн карама майы

литр

159,7

225,7

214,7

180,8

197,8

152,2

245,5

3

1-сорт. таразага тартылган буудай уну 

кг

34,9

85,1

65,9

55,7

41,5

31,5

31,2

4

Уй эти (сулп этинен башкасы)

кг

706,3

963,5

1121,4

1044,0

809,9

764,1

917,4

5

Кой эти (сулп этинен башкасы)

кг

711,3

1392,6

1134,3

1195,2

949,1

1125,7

960,3

6

Бензин А-92

литр

75,4

112,5

93,5

82,1

74,9

69,6

44,2

7

Дизель майы 

литр

80,2

121,8

100,8

92,2

77,9

84,3

62,0