Кара-Балта шаарында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
Баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын баасын көзөмөлдөө үчүн Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Мамлекеттик салык кызматы, ветеринардык кызмат, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана участкалык милиция инспектору менен биргеликте Кара-Балта шаарынын аймагында мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлердин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүлүп, маалыматтык жолугушуулар уюштурулду. Бул жолугушууларда белгиленген баа нормаларын сактоо, товарлардын баасынын кескин өзгөрүшүнө жол бербөө жана негизсиз баа жогорулатууга тыюу салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле бул багыттагы иштер мындан ары да улантылары белгиленди.