Бишкек шаарында эттин баасын жөнгө салуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү
Бүгүн, 2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын базарларында эт сатуучулар арасында баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын, Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсынын өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ош базарынын аймагында эт саткан соода түйүндөрүнө текшерүүлөр жүргүзүлүп, ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулду.
Негизги көңүл баалардын негизсиз жогорулатылышына жол бербөөгө жана калкты жеткиликтүү баада сапаттуу эт менен камсыз кылууга бурулду.
Мындан тышкары, социалдык баада эт саткан соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлүп, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы тарабынан социалдык баада эт сатуу үчүн павильондорду ачууга бөлүнгөн жер тилкелери жеринде каралды, ошондой эле көчмө соода түйүндөрүн (фуд-трактарды) жайгаштыруу үчүн сунушталган даректер каралды.
Жыйынтыгында калкты жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу максатында кошумча социалдык соода түйүндөрүн уюштуруу пландалууда.