Кызыл-Суу айылында борборлоштурулган суу менен камсыздоо кызматтарынын тарифтерин макулдашуу боюнча жумушчу жыйын өттү
2026-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн аянтчасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында борборлоштурулган суу менен камсыздоо кызматтарына тарифтерди макулдашуу маселелери боюнча жумушчу жыйын болуп өттү.
Иш-чарага төраганын орун басары Н.М. Кадырбекова жана Кызматтын кызматкерлери, ошондой эле төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү катышты:
муниципалдык ишкана «Кызыл-Суу водоканал»;
Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү;
ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызууну өнүктүрүү департаменти;
ARIS долбоору (Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги).
Жыйындын жүрүшүндө тарифтик саясатты түзүү маселелери, анын ичинде чыгымдардын түзүмү, сунушталган тарифтердин экономикалык негиздүүлүгү жана алардын колдонуудагы мыйзамдарга шайкештиги кеңири каралды. Өзгөчө көңүл керектөөчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүнүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга, ошондой эле эсептөөлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга бурулду.