Кара-Балта шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суулар кызматтарынын тарифтерин макулдашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибинин» негизинде «Кара-Балта Суу каналы» МИсы тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды кабыл алуу кызматтарынын тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө макулдашылды:
ичүүчү суу – 1000 литр (1 м³) үчүн 15,0 сом
саркынды сууларды тазалоо (канализация) – 1000 литр (1 м³) үчүн 14,80 сом
Тарифтерди макулдашууда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды кабыл алуу системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн иш жүзүндөгү жана пландалган чыгымдарды толук жабуу принциптери эске алынды.
Тарифтерди кароодо ишкананын чыгымдары толук комплекстүү эске алынган, анын ичинде:
керектелген суунун көлөмү;
калк үчүн кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы;
электр энергиясы (насостордун жана жабдуулардын иштеши);
материалдар жана химиялык реагенттер;
амортизация (түтүктөрдүн, насостордун жана курулмалардын эскириши);
оңдоо жана техникалык тейлөө;
кызматкерлердин эмгек акысы;
административдик жана жалпы чарбалык чыгымдар;
өндүрүштүк (цехтик) чыгымдар;
салыктар жана милдеттүү төлөмдөр;
атайын кийимдер, коргонуу каражаттары, инвентарлар;
ишкананын өндүрүштүк программасы;
кызматтын акыркы наркын эсептөө;
роялти ж.б.
Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда көрсөтүлгөн бардык элементтер суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо кызматтарынын өздүк наркын түзөт.
Макулдашылган тарифтер жергиликтүү өкүлчүлүктүү орган катары, жергиликтүү деңгээлде тарифтерди бекитүү боюнча акыркы чечимди кабыл алууга укуктуу Кара-Балта шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилди.