Ош облусунун Кара-Суу шаарында эттин баалары боюнча мониторингдин жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – Бөлүм), төмөнкүлөрдү билдирет.
Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 21-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын борбордук базарындагы сатылып жаткан эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, уй эти ич майы, сөөгү менен 670 сомдон, кой эти 680 сомдон, ал эми ич майы жок сөөгү менен 750 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Эт сатуучулардын айтуусу боюнча, базардагы касапчылар фермерлерден уйдун (кунаажын) дүң баасын семиздигине жараша 680 сомдон 690 сомго чейин, ал эми бука этинин дүң баасын 700 сомдон 720 сомго чейин алышып жатышкандыгын билдиришти. Ошону менен бирге, Бөлүм тарабынан уй жана кой этинин чекене бааларынын белгиленгенине 8 ай убакыт өткөнүн, ал учурдагы жем-чөптүн жана башка чыгымдардын баалары кескин түрдө жогорулагандыгына байланыштуу, бааларды кайрадан карап, учурдагы факт жүзүндөгү базардагы кырдаалга жараша белгилеп берүүнү суранышты.