Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
21.04.2026 Маалымат борбору

Бишкекте эт продукциясынын бааларына мониторинг уланууда

2026-жылдын 20-21-апрелдеринде Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын базарларында жана эт саткан дүкөндөрүндө  уй, кой эттерине мониторинг жүргүзүштү. 
Койдун жана уйдун бүгүнкү күнгө болгон баалары:
-    Кой эти:  690-750 сомго чейин болууда. 
-    Уй эти:    700-760 сомго чейин болууда.
Бөлүм тарабынан белгиленген баа кой эти-670 сом , уй эти 680 сом .
    Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери  баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында эт сатуучуларга түшүндүрүү иштерин, мониторингтерди туруктуу негизде жүргүзүп жатышат.
           Учурда Бишкек шаарынын аймагында эт азыктарын социалдык баада сатуу боюнча социалдык соода түйүндөрү иштеп жатат:
- Киев/Кулиева кесилиши килограммы - 700 сомдон; 
- Киев/Бейшеналиева кесилиши килограммы - 700 сомдон;
- айланма жол: "Алтын Така" базарында - 680 сом.
Ошондой эле, этке мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден тарта Бишкек шаары боюнча болуму тарабынан жалпы 170 000 айып пул салынгандыгын маалымдайбыз.
Мындан тышкары, 2026 жылдын 17-апрелинде  мониторинг учурунда "Кыргыз Агрохолдинг" ААК өкүлдөрү  тарабынан этти социалдык баада сатуу боюнча павильондорду ачуу үчүн бөлүнгөн жер участоктору, ошондой эле көчмө  эт саттуу жайгаштыруу үчүн сунушталган даректер каралып, натыйжада калкты жеткиликтүү эт менен камсыз кылуу үчүн кошумча социалдык соода түйүндөрүн ачуу  пландаштырылууда.

Сүрөт галереясы