Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
23.04.2026 Маалымат борбору

Бишкектеги жеке мектептердеги окуу төлөмүнүн өсүшү: мониторинг жүргүзүлдү

Маалыматтык мейкиндикте, анын ичинде социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында жеке менчик мектептердеги окуу үчүн төлөмдүн өсүшү активдүү талкууланып жатат. 

 

Айрым жеке мектептердин баалары олуттуу өсүшү белгиленип, кооптонуулары билдирүүдө.

 

Ушуга байланыштуу, Кызмат тарабынан ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарындагы 104 жеке мектептин ичинен 45 мектептин окуу толомуно мониторинг жургузүлдү.

 

Натыйжада, айрым жеке мектептерде окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 миллион 340 миң сомго чейин жетери аныкталды.

 

Ал эми, башка жеке мектептерде бул көрсөткүч 40 миң сомдон 150 миң сомго чейин түзөт.

 

Бишкек шаары боюнча жеке менчик мектептер менен жогорку окуу жайларындагы окуу төлөмү боюнча талдоонун алкагында салыштыруу жүргүзулдү. 

 

Кыргыз улуттук университетинде окуу төлөмү тандаган кесипке жараша 43 миң сомдон башталат. Ал эми Кыргыз-Россия Славян университетинде 110 миң сомдон жогору.

 

Ошол эле учурда Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуу төлөмү орто эсеп менен жылына 447 миң сомдон башталат.

 

Айтылгандардын негизинде, Бишкектеги алдыңкы жогорку окуу жайлардагы окуу төлөм орто эсеп менен 107 миң сомдон 152 миң сомго чейин түзгөн болсо. 

Ал эми, алдыңкы жеке менчик мектептерде бул көрсөткүч 313 миң сомдон 580 миң сомго чейин жетет. 

 

Ушуга байланыштуу, Кызмат тарабынан Агартуу министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына бир топ чаралар сунушталган, анын ичинде:

 

— жеке менчик мектептерде окуу үчүн төлөмдүн учурдагы бааларын туруктуу кармоо боюнча ыкчам чараларды көрүү, 

- ошондой эле, жылдык окуу төлөмү 200 миң сомдон ашкан жеке менчик мектептерде билим берүү кызматтарынын өздүк наркына талдоо жүргүзүү;

 

— окуу  төлөмдүн баасын, төлөм түзүмүн жана аны өзгөртүү тартибин милдеттүү түрдө ачык жарыялоо тууралуу талабын киргизүү;

 

—билим алууга тең шарттарды, жеткиликтүүлүктү камсыз кылган типтүү эрежелерди иштеп чыгуу

Видео Кызматтын расмий Instagram баракчасында жеткиликтүү: 

https://www.instagram.com/reel/DXdcApwACLD/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Сүрөт галереясы