28.04.2026
Маалымат борбору
Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери айыл чарба жарманкесине катышты
2026-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында өткөрүлгөн айыл чарба жарманкесине катышышты. Иш-чаранын негизги максаты — шаар тургундарын жеткиликтүү баада айыл чарба жана азык-түлүк продукциясы менен камсыз кылуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучулар арасында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай жарманкелерди өткөрүүнүн негизги максаты — калкты жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатуу каналдарын өнүктүрүү болуп саналат.