Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
28.04.2026 Маалымат борбору

КРда сүт продукциясын өндүрүү

Кыргызстан өлкөнүн сүт жана сүт азыктарына болгон муктаждыгын толугу менен камсыз кылат, импортту эске алуу менен камсыздоо деңгээли 130%дан ашат.

Ата мекендик сүт продукциясы негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө (Казакстан, Россия) экспорттолот. Экспорттун негизги бөлүгүн каймак май, балмуздак, сырлар, кургак сүт жана улуттук суусундуктар түзөт.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 31 миң тоннадан ашык продукция экспорттолгон. Кыргызстандык продукцияга болгон суроо-талап анын жогорку сапаты менен түшүндүрүлөт.

Сүт жана сүт азыктары рыногундагы абалды баалоо максатында 2026-жылдын 25-майында КРЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Мамыралиев Айбек Абасканович Чүй облусундагы сүт иштетүүчү ишканаларга иш сапар менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө бир катар ишканалар каралып, сүттү кайра иштетүү процесси менен катар өндүрүшчүлөр туш болуп жаткан көйгөйлөр да талкууланды.

Ата мекендик өндүрүүчүлөр негизги көйгөйлөр катары төмөнкүлөрдү белгилешти: чийки сүттүн сапатынын туруксуздугу, сатып алуу бааларына көз карандылык, импорт менен катуу атаандаштык, логистика жана сатуу каналдары. Ошол эле учурда бул маселелер өндүрүштү модернизациялоо жана ассортиментти кеңейтүү аркылуу чечилип жатканын белгилешти.

2025-жылы КР Министрлер Кабинетинин тескемеси менен мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн белгиленген тизмеге ылайык товарларды бир булактан сатып алууга милдеттендирилген.

Сүт продукциясы бул тизмеге киргизилгенине карабастан, иш жүзүндө өндүрүүчүлөр продукцияны түз сатууда кыйынчылыктарга туш болуп, тендерлерге катышууга аргасыз болушууда. Тендерлерде көбүнчө эң төмөн баа сунуштаган компания жеңип чыгып, бул баалар рыноктук деңгээлге туура келбей, сапат маселелерин жаратат.

Ушуга байланыштуу өндүрүүчүлөр мамлекеттик органдар тарабынан аталган тескемени толук ишке ашырууну зарыл деп эсептешет.

Жолугушуунун жыйынтыгында ишканалар ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында продукциянын кеминде 20–30%ын түз сатып алууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Кызмат бул маселени изилдеп чыгып, республика боюнча бардык сүт ишканаларын камтып, сунуштарды иштеп чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизет.

Сүрөт галереясы