Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
12.05.2026 Маалымат борбору

Каракол шаарында социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын тапшырмасын аткаруу максатында  Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн  кызматкери 2026-жылдын 28-апрелинде соода түйүндөрүндө мониторинг жасалып сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товарларга баалардын алыпсатарлык өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү, "Атаандаштык жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.