Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
26.05.2026 Маалымат борбору

Керектөөчүлөр үчүн накталай эмес төлөм мүмкүнчүлүгү камсыздалды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм кабыл алуу жайларынын биринде накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу боюнча керектөөчүнүн кайрылуусу каралды.

Кайрылууну кароонун алкагында Кызмат тарабынан тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн заманбап төлөм ыкмаларын камсыз кылууга тоскоол болуп жаткан жагдайлар изилденди.

Жүргүзүлгөн иштердин жана тиешелүү уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында төлөм кабыл алуу жайына зарыл болгон техникалык жабдуулар орнотулуп, QR-коддор аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүү системасы киргизилди.

Бүгүнкү күндө керектөөчүлөргө төлөмдөрдү накталай жана накталай эмес ыкмада жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап сервистердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калкка ыңгайлуу тейлөө шарттарын түзүү багытындагы иштерин улантууда.