Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
28.05.2026 Маалымат борбору

“Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧК монополист менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары - Кызмат) аянтчасында “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧКсынын мунайды кайра иштетүүчү заводунун жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө заводдун ишмердүүлүгүнө, мунай продуктулары рыногундагы учурдагы кырдаалга, запастардын көлөмүнө жана баа деңгээлине байланышкан негизги маселелер талкууланды.

Учурда завод Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбай турган К2 класстагы бензин топторун кайра иштетүүнү жүргүзүүдө.

Негизги көңүл заводду модернизациялоо маселелерине бурулду. Белгиленгендей, 2026-жылдын июль айынын аягында курулуш-монтаж иштеринин этабы аяктайт, август-сентябрь айларында ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт, ал эми октябрь айында ишкананы сыноо иретинде ишке киргизүү каралган. Ошону менен бирге, жаңыланган өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдаланууга персоналдарды окутуу жана даярдоо зарылдыгы белгиленди.

Завод модернизациядан кийин ишке киргизилгенден тартып, К2 класстагы бензин топторунан К5 класстагы бензин топторун өндүрүүгө өтүү пландалууда.

Өзүнчө белгиленгендей, учурда завод өндүрүштүк кубаттуулуктарын толук жүктөө үчүн чийки заттын жетишсиздигин сезүүдө. Ылайыктуу чийки зат катары Казакстандын мунайы каралууда, бирок бул маселени чечүү жогорку деңгээлдеги мамлекеттер аралык деңгээлде иштеп чыгууну талап кылат. Ошондой эле чийки затты Азербайжан Республикасынан жеткирүүнүн альтернативдүү варианттары да изилденип жатат.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын алкагында биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты. Мунай продуктулары рыногунун абалы, баа тенденциялары жана өндүрүш көлөмдөрү боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө алмашып туруу чечими кабыл алынды. Бул Кызматка ишенимдүү маалыматтарды өз убагында алып турууга жана рыноктун ачыктыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

Сүрөт галереясы