Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
29.05.2026 Маалымат борбору

«Оомат» базарында атаандаштык мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнө (мындан ары – Бөлүм) Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, 2026-жылдын 15-майында “Конурат Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомунун жууп-тазалоочу сүргүчтөрүнүн (тряпки) жасалма көчүрмөлөрү Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы “Оомат” базарында белгисиз сатуучулар тарабынан сатылып жаткандыгы боюнча арызы келип түшкөн. “Конурат Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомунун арызы, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Бөлүм тарабынан каралды. Бөлүмдүн кызматкерлери жогорудагы арыз боюнча тактоо иштерин жүргүзүү максатында, Кара-Суу шаарындагы “Оомат” базарына барышты. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан аталган арыз боюнча “Оомат” базарындагы жууп-тазалоочу каражаттар сатылуучу 0-катарында сатылып жаткан жууп-тазалоочу сүргүчтөргө (тряпки) мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө, жууп-тазалоочу сүргүчтөрдүн (тряпки) түрлөрү көп экендиги жана сатылып жаткан жууп-тазалоочу сүргүчтөрдүн 80-90% “Конурат Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү экендиги аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучулар жууп-тазалоочу сүргүчтөрдүн (тряпки) жасалма түрүн сатуудан алыс болуусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо менен соодасатык иштерин жүргүзүү керектиги боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, “Mc.Clean” аталышындагы жууп-тазалоочу сүргүчтөр (тряпки) расмий түрдө “Конурат Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык экендиги боюнча, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.