Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы түшүндүрөт: жеке менчик мектептердеги окуу акысы мамлекеттик жөнгө салууга жатпайт
Учурда социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште парламенттик угууда каралып жаткан «Баа түзүү жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдөгү жеке менчик мектептердеги окуу акысы мамлекеттик көзөмөлгө алынат деген маалыматтар тарап жатат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет:
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, билим берүү кызматтарынын (жеке менчик мектептердеги окуунун) наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турган «Баа түзүү жөнүндө» мыйзам долбоору бааларды жана тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле баа түзүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын тактоого багытталган.
Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин макулдугу менен убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси аныкталат.
Бүгүнкү күндө жеке менчик мектептер көрсөткөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын монополияга каршы орган тарабынан мамлекеттик жөнгө салынуучу социалдык маанилүү кызматтардын тизмесине киргизүү маселеси каралып жаткан жок.
Ушуга байланыштуу, мыйзам кабыл алынгандан кийин «жеке менчик мектептердеги окуу акысы мамлекеттик көзөмөлгө алынат» деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.