05.06.2026
Маалымат борбору
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы соода жана тейлөө ишканаларында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча биргелешкен мониторинг жүргүздү
Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук банктын өкүлдөрү менен бирге Каракол шаарындагы соода жана тейлөө ишканаларында (аптекалар, коомдук тамактануу пункттары, чач тарачтар, азык-түлүк жана турмуш-тиричилик техникасын сатуучу магазиндер – жалпысынан - 27) накталай эмес төлөмдөрдүн болушу жана колдонулушу боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.