Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
12.06.2026 Маалымат борбору

Күйүүчү майлардын баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө

2026-жылдын 10-июнунда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаарындагы күйүүчү майларды сатуу түйүндөргө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 09-июнундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге, дизелдик отунга жана суютулган көмүр-суутек газына (СКГ) максималдуу чекене бааларды белгилөө жөнүндө” №45 буйругу менен белгиленген баалары менен тааныштырып, жөнгө салынган бааларга көзөмөлдөө жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана күйүүчү майлардын баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы